Бүгүн Париж Олимпиадасында 4 балбан жана бир мушкер мелдешке чыгат. 15:00до 125 кг чейинки салмак боюнча Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Деси менен кез келет. 15:30да 65 килограммга чейинки салмакта Эрназар Акматалиев венгриялык Исмаил Мусукаев менен күч сынашат. Ал эми Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта Вэнь Юань аттуу кытайлык спортчу менен таймаш өткөрөт. 23:15те болсо коло үчүн күрөшкө 62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова чыгат. Бокс боюнча 01:47 финал болот. Анда 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу өзбекстандык Абдумалик Халоков менен мушташат. Беттештерди УТРК жана УТРК Спорт телеканалдары аркылуу көрө аласыздар.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
Youtube (УТРК) - / @utrkkgchannel
Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?...
Телеграм - https://t.me/ktrk_live