Курск операциясына бир ай: Орусия алты миң аскерин жоготтубу?

Published: 06 September 2024
on channel: Азаттык
26,667
257

6-сентябрда украин аскерлери Орусиянын Курск аймагына кирип барып, операция баштаганына бир ай болду. Украин президенти Владимир Зеленский Орусия бир айда каза тапкандар менен жарадарларды кошкондо Курскиде 6 миңдей аскерин жоготконун билдирди. Бирок ал далилдерди келтирген жок. Алдыңкы күнү орус мамлекет башчысы Владимир Путин "Киевдин бул операциясы максатына жеткен жок" деп, Донбасстагы чабуул ийгиликтүү уланып жатканын айткан.

#курск #орусия #украина #зеленский
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus