Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мүчөсү, депутаты Төрөбай Зулпукаров 16-майдагы парламент жыйынында тыюу салган мыйзамга карабай иштеп келаткан кумарканалардын маселесин көтөрдү. Ал кумарканаларга лицензия берген, алардын иштешине шарт түзүп жаткан, ири суммасын уттуруп жабыркагандар болгонуна карабай “кумаркана эмес” деп корутунду чыгарган эксперттердин жүзүн ачып көрсөтүүгө чакырды.