Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ 48 саатка камалган “Temirov Live” каналынын азыркы жана мурдагы 10дон ашуун журналисттин бөгөт чарасы каралганы турат. Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар сөз эркиндигине басымды жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.
Бишкекте аскердик тик учак кулап, экипаждын бир мүчөсү набыт болуп, 10 киши жараат алды. Коргоо министрлиги бир нече кишини кызматтан убактылуу четтетти
Башкыртстанда нааразылыкка чогулган эл менен полиция кагылышты. Орусияда тыюу салынган "Башкырт" уюмунун мурдагы жетекчиси, Куштау тоосун коргоп чыккан активист Фаил Алсынов төрт жылга соттолуп, камакка алынганы - миңдеген кишинин митингге чыгуусуна түрткү болду.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus